Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз XXX-сессиясы
2024-жылдын 10-cентябры № 134
Моло айылынын тургундарынын кайрылууларынын негизинде Моло айылына “Ассалам” кайрымдуулук фондунун колдоосу менен салынуучу мечиттин курулушуна макулдук берүү жөнүндө
Моло айылына “Ассалам” кайрымдуулук фондунун колдоосу менен салынуучу мечиттин курулушу боюнча Моло айылынын тургундарынын кайрылууларынын негизинде талкуулардан кийин, Бирлик айыл аймагынын айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Моло айылынын тургундарынын кайрылууларынын негизинде Моло айылына “Ассалам” кайрымдуулук фондунун колдоосу менен салынуучу мечиттин курулушуна макулдук берилсин.
2.Ошондой эле бардык курулуш нормалар мыйзам чегинде сакталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Гафуровго жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Каламов |