Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз XXX-сессиясы
2024-жылдын 10-cентябры № 135
Гауян, Гороту каналдарын, ички лотокторду Гороту каналынан Жаңы-Сырт-Моло айылдары аркылуу Чечме айылындагы Жоокесек арыкка келип кошулган эскилиги жетип реабилитацияга документтери даярдалган 4км 200 метр ички арыкты жана Жоокесек арыгын толук бойдон жана башка ушул сыяктуу СПАнын балансына кирбей калган арыктарды бүгүнкү күнгө чейинки болгон бардык карыздары менен Кадамжай районунун суу чарбасынын балансына өткөрүү жана айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясынын 2024-жылдын 26-январындагы №115 сандуу токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомуна негиз аймактагы Гауян, Гороту каналдарын, ички лотокторду Гороту каналынан Жаңы-Сырт-Моло айылдары аркылуу Чечме айылындагы Жоокесек арыкка келип кошулган эскилиги жетип реабилитацияга документтери даярдалган 4км 200 метр ички арыкты жана Жоокесек арыгын толук бойдон жана башка ушул сыяктуу СПАнын балансына кирбей калган арыктарды “Гауян” СПАнын карыздары менен Кадамжай районунун суу чарбасынын балансына өткөрүү жөнүндө айыл өкмөт башчы менен СПА башчысы С.Ишбалаевдин суранычынын негизинде жана айылдык Кеңештин VII чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясынын 2024-жылдын 26-январындагы №115 сандуу токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизүү максатында Бирлик айыл аймагынын айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңештин VII чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясынын 2024-жылдын 26-январындагы №115 сандуу токтомуна өзгөртүү толуктоо киргизилсин.
2.Гауян, Гороту каналдарын, ички лотокторду Гороту каналынан Жаңы-Сырт-Моло айылдары аркылуу Чечме айылындагы Жоокесек арыкка келип кошулган эскилиги жетип реабилитацияга документтери даярдалган 4км 200 метр ички арыкты жана Жоокесек арыгын толук бойдон жана башка ушул сыяктуу СПАнын балансына кирбей калган арыктарды бүгүнкү күнгө чейинки болгон бардык карыздары менен мамлекеттик менчикке алып, Суу ресурстары кызматынын карамагына өткөрүүгө макулдук берилсин.
3.Ушул иштерди мыйзам чегинде аягына чыгарып аткаруу жагы айыл өкмөт башчы А.Айдаров менен СПА башчысы С.Ишбалаевге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Гафуровго жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Каламов |