Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз XXX-сессиясы
2024-жылдын 10-cентябры № 136
Айыл өкмөттүн өнүгүү планынын негизинде 2025-жылга дем берүүчү грантына жана башка ушул сыяктуу демөөрчүлөргө даярдалып жаткан долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен эсебинен мыйзам чегинде акча каражатын салым катары ажыратуу жөнүндө
Бирлик айыл өкмөтүнүн суранычынын негизинде айыл өкмөттүн өнүгүү планынын ылайык 2025-жылга дем берүүчү грантына жана башка ушул сыяктуу демөөрчүлөргө даярдалып жаткан долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен мүмкүнчүлүккө жараша мыйзам чегинде акча каражатын салым катары ажыратуу максатында Бирлик айыл аймагынын айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөттүн өнүгүү планынын негизинде 2025-жылга дем берүүчү грантына жана башка ушул сыяктуу демөөрчүлөргө даярдалып жаткан долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен мыйзам чегинде төмөнкү таблицадагы салым кошууга макулдук берилсин.
№ | Долбоорлордун аталышы | Жергиликтүү бюджеттин салымы |
1 | Ормош айылындагы борбордук стадионун курууга | 1 млн |
2 | Эшме айылына 1700 метр аралыкка түнкү жарыктандырууга жана балдар ойноочу аянтка 900 метр тротуар курууга | 500 миң |
3 | Ормош айылындагы таштанды таштоочу жайдын айланасын тосууга | 500 миң |
4 | Бел айылына кичи газон курууга | 500 миң |
5 | Чечме айылындагы курулуучу логистикалык борборду курууга | 500 миң |
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Гафуровго жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Каламов |