Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезекcиз XXX-сессиясы
2024-жылдын 10-cентябры № 137
Гауян каналынан Сур айылына чейинки 12 км аралыкка тартылган таза суу түтүгүн Бирлик айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоо жөнүндө
Гауян каналынан Сур айылына чейинки 12 км аралыкка тартылган таза суу түтүгүн Бирлик айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоо жана айылдык кеңешинин депутаты М.Эшанкуловдун суранычын эске алып Бирлик айыл аймагынын айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гауян каналынан Сур айылына чейинки 12 км аралыкка тартылган таза суу түтүгү Бирлик айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине катталсын.
2.Тартылган 12 км таза суу түтүгүнүн тиешелүү коргоолуучу аймагы мыйзамда белгиленген тартип боюнча сакталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Гафуровго жүктөлсүн.
Бирлик айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Каламов |