Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 11-январы № 13-т
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттеринин курамына кирген административдик имараттарды жана курулмаларды инвентаризациялоо жана баалоо, ошондой эле аларды инвестициялык долбоорлор үчүн сунуштоо максатында, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттерине кирген административдик имараттарды инвентаризациялоо жана баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – Ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
1) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жайгашкан, XX кылымдагы тарыхый, шаар куруу жана архитектура эстеликтеринин статусуна ээ болгон административдик имараттарды жана курулмаларды инвентаризациялоону, тарыхый, илимий, көркөм жана башка маданий баалоону жүргүзсүн;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, сарамжалдуу пайдаланууну жана инвесторлорго ээликтен ажыратууну камсыз кылуу боюнча сунуштарды даярдасын;
3) 2025-жылдын 10-февралына чейин инвентаризациялоонун жана баалоонун жыйынтыгы боюнча инвесторлорго ээликтен ажыратуу үчүн конкреттүү сунуштарды жана мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жайгашкан административдик имараттардын жана курулмалардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Ведомстволор аралык комиссиянын катчылыгы болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте Бишкек шаарында жана башка калктуу конуштарда жайгашкан инвестициялык макулдашуулардын алкагында ээликтен ажыратылууга тийиш болгон административдик имараттардын жана курулмалардын тизмесин даярдасын жана аны Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте 2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы жана Бишкек шаарынын тарыхый борборунун коргоо зоналары боюнча материалдарды, документтерди, маалыматтарды берсин.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Ош шаарынын мэриясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өзүнүн аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттерине кирген административдик имараттар жана курулмалар боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосунда түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлүүчү инвестициялык макулдашуулардын алкагында аларды инвесторлорго ээликтен ажыратуу үчүн административдик имараттардын жана курулмалардын тизмесин даярдасын жана аны Ведомстволор аралык комиссияга берсин.
7. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте маалымат суроого жана министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жана эксперттик коомчулуктун адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди, архитекторду, тарыхчыны, реставраторду, искусство таануучуну жана компаниялардын баалоочуларын ишке тартууга укуктуу деп белгиленсин.
8. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери Ведомстволор аралык комиссиянын суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты ыкчам тартипте берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
9. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Тиркеме
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттерине кирген административдик имараттарды инвентаризациялоо жана баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын
курамы
Кадыралиев Азамат Сактанбекович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
|
Максутов Алтынбек Аскарович | – | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бийбосунов Адылбек Качкынбекович | – | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору;
|
Календеров Улугбек Ибраимович | – | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Сыдыков Орозбек Кадырбекович | – | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Асылбаева Гюльшат Кадыровна | – | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары; |
Аманкулов Мирслав Акалович | – | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
|
Мамат уулу Чынгызбек | – | Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары; |
Слесарев Сергей Петрович | – | Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары; |
Дуйшеев Мирбек Иманкадырович | – | Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары; |
Керимов Насипбек Асматович | – | Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
|
Арыкбаева Бүбүжан Камчыбековна | – | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
|
Джусупбекова Надира Сынташевна | – | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
|
Базаралиев Бекназар Токтосунович | – | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
|
Абдыкалыкова Гүлбара Кадырбековна | – | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
|
Касымбеков Алмамбет Баисбекович | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
|
Турдугулов Бакай Болотович | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин орун басары;
|
Сатарова Эльдана Таалайбековна | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
|
Исмаилбеков Улан Болотбекович | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
|
Бикулов Дамирбек Жантураевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары;
|
Джунушев Талантбек Асаналиевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары;
|
Бообеков Бахтияр Таласович | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аппарат жетекчиси;
|
Кожомамбетов Азамат Асанбекович | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгынын начальниги;
|
Керимов Адил Керимович | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 5-башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник;
|
Першин Георгий Георгиевич | – | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын башчысы, полковник;
|
Сарбанов Алмаз Мелисович | – | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Башкы иш башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник;
|
Омурзаков Мыктыбек Жаныбекович | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;
|
Мамасалиева Таалайгүл Эркинбековна | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүмүнүн башчысы;
|
Иштыбаев Самат Мусадинович | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары;
|
Кенжематова Кыял Абдимиталовна | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары;
|
Жолдошов Чынарбек Маматович | – | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маданий мурастарды сактоо бөлүмүнүн башчысы;
|
Самыйбекова Айжан Самыйбековна | – | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маданий мурастарды сактоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
|
Солтонгельдиева Сабира Самидиновна | – | ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын катчысы;
|
Исаков Жаныбек Маматович | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
|
Сыдыков Максат | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Султанбаева Айнура Жолдошбековна | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Абдырайым уулу Шабдан | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
|
Арстанкулов Талантбек Курбаналиевич | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Сейдикеримова Мира Эсиркеповна | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
|
Кыштобаева Гульмира Алимбековна | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары;
|
Кадыров Азамат Кадырович | – | Бишкек шаарынын мэринин орун басары;
|
Юсупов Замир Байышович
| – | Ош шаарынын мэринин орун басары;
|
Тилек уулу Асылбек | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Мамлекеттик имараттар департаменти” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
|
Акимов Азирет Доолатбекович | – | “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин начальнигинин биринчи орун басары; |
|
|
|
Джолдошев Айбек Доолотбекович | – | Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;
|
Адылбеков Майрамбек Алымбекович | – | Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;
|
Айдаров Акылбек Анваралиевич | – | Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын турак-жай коммуналдык чарба, курулуш жана транспорт бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
|
Дайырканов Нурболот Дайырканович | – | Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын турак жай, коммуналдык чарба, курулуш жана транспорт бөлүмүнүн адиси;
|
Дуйшаналиева Айсин Тунжуровна | – | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча республикалык инспекциянын директору;
|
Бектеналиев Мукталы Абдыбекович | – | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун директору;
|
Асанканов Абылабек Асанканович | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору; |
Арзыбаев Тыныстан Кадырович | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун кызматкери; |
Маматов Аделбек Турсунбаевич | – | Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чарба бөлүмүнүн башкы инженери;
|
Солтобаев Орозбек Азекович | – | Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун доценти;
|
Бейшенбаев Муратбек Ишенбекович | – | Кыргызстан Архитекторлор союзунун төрагасы;
|
Жунушев Жакшыбек Дайырбекович | – | Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы;
|
Кариев Бейсен Сергеевич | – | Кыргыз Республикасынын Архитекторлор союзунун төрагасынын орун басары;
|
Турдалиева Чолпон Жапарбековна | – | “Музей демилгелери борбору” коомдук бирикмесинин директору;
|
Молдокасымов Кыяс Сатар уулу | – | Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондусунун төрагасы;
|
Табалдыев Кубатбек Шакиевич | – | Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору;
|
Меркулова Светлана Сергеевна | – | “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долбоорлоо институтунун башкы архитектору;
|
Тентиева Айнура Жумабековна | – | ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын катчылыгынын эксперти;
|
Моисеева Юлия Анатольевна |
| “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин топонимика жана эстеликтерди каттоо секторунун жетекчиси. |