Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 1-сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1
Эсептөө комиссиясынын №1, №2, №3 протоколдорун бекитүү жана жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен шайланган төрага жөнүндө
Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен түзүлгөн эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо жөнүндөгү №1, жергиликтүү кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо үчүн шайлоо бюллетенинин тексти бекитүү жөнүндөгү №2, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн №3 протоколдору каралып сессияда бекитүү бир добуштан колдоо тапкандыгынын негизинде, ошондой эле жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Бирлик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлоо жөнүндөгү №1 протоколу бекитилсин.(Тиркеме тиркелет)
2.Эсептөө комиссиясынын жергиликтүү кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо үчүн шайлоо бюллетенинин текстин бекитүү жөнүндөгү №2 протоколу бекитилсин.(Тиркеме тиркелет)
3.Эсептөө комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн №3 протоколу бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
4.Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы болуп Гафуров Надырбек Базарбаевич дайындалсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык кеңешинин бардык депутаттарына жүктөлсүн.
Төрагалык кылуучу: | Н.Абдикаарова |