Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I-ачылыш сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 2
Бирлик айылдык кеңешинин Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартиби жөнүндө Бирлик айылдык кеңешинин Типтүү Регламентин бекитүү максатында Бирлик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айылдык кеңешинин Типтүү Регламенти бекитилсин. (Бирлик айылдык кеңешинин Типтүү Регламенти тиркелет)
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары С.Каламовго жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Гафуров |