Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I-ачылыш сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 4
Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө
КРнын “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын, КРнын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “III-Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын, Элдик Курултайдын 2023-жылдын 16-декабрындагы №16 чечими менен бекитилген “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо жөнүндо” Жобосунун негизинде, Бирлик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл өкмөтүнүн аймагында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын 2024-жылдын 7-декабрына саат 10:00дө Бирлик айыл өкмөтүнүн кеңсесинде өткөрүлсүн.
2.Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны нормага ылайык 100 (жүз) өкүл болуп бекитилсин.
3.Ар бир айылда жергиликтүү жашоочулар менен жыйындарды өткөрүү графиги №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Бирлик айылдык кеңешинин депутаттары №2 тиркемеге ылайык жергиликтүү жашоочулар менен ар бир айылда жыйындарды өткөрүүгө жооптуу болуп дайындалсын.
5.Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.Бирлик айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды көрсөтүү нормасы №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7.Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн, убактысы жана жайы жөнүндө социалдык тармактар жана башка ушул сыяктуу маалымат булактары аркылуу жергиликтүү жашоочуларга кабар берүү жагы жана керектүү техникалык жабдыктар менен камсыздоо Бирлик айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
8.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык кеңешинин бардык депутаттарына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Гафуров |
Бирлик айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын I-ачылыш сессиясынын №4 токтомуна №1 тиркеме
Бирлик айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын курултайына делегаттарды шайлоо боюнча Бирлик айыл аймагынын айылдарында өткөрүлүүчү айылдык жыйындардын графиги.
К№ | Айылдардын аталышы | Жыйын өткөрүү мөөнөтү | Сааты Орду
|
1 | Ормош айылы | 04.12.2024 | 10:00 Бирлик айыл өкмөтү |
2 | Сырт айылы | 04.12.2024 | 11:00 “Сырт” орто мектеби |
3 | Жаны–Сырт айылы | 04.12.2024 | 14:00 Айылдык мечит
|
4 | Ынтымак айылы | 04.12.2024 | 15:00 Айылдык мечит |
5 | Моло айылы | 04.12.2024 | 16:00 “Моло”т.э.орто мектеби |
6 | Тескей айылы | 04.12.2024 | 17:00 Айылдык мечит |
7 | Чечме айылы | 05.12.2024 | 10:00 “1-Май” орто мектеби |
8 | Бел айылы | 05.12.2024 | 11:00 А.Солтонов ат.орто мектеби |
9 | Сур айылы | 05.12.2024 | 14:00 Сур айылында мечит. |
10 | Эшме айылы | 05.12.2024 | 15:00 “Эшме” орто мектеби |
11 | Жал айылы | 05.12.2024 | 16:00 Б.Алыкулов ат.о.м. |
12 | Жаны-Коргон айылы | 05.12.2024 | 17:00 ФАП |
Жооптуу катчы: С.Касымов
Бирлик айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын I-ачылыш сессиясынын №4 токтомуна №2 тиркеме
Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жашоочулар менен ар бир айылда жыйындарды өткөрүүгө жооптуу Бирлик айылдык кеңешинин депутаттардын тизмеси:
№ | Айылдын аталышы | Уюштурууга жооптуу кызматкер | Жооптуу айылдык кеңештин депутаты | Жумушчу топтун өкүлү |
1 | Ормош | Джураев Бакыт | Мамасабиров Боронбай | Гафуров Надырбек |
2 | Сырт | Мадимаров Замир | Таштемиров Сагынбек | Акматова Назирахан |
3 | Жаңы-Сырт | Мадимаров Замир | Маматов Шүкүрбек | Касымов Салкынбек |
4 | Моло | Мадимаров Замир | Абдикаарова Нурхан | Каримов Мурадыл |
5 | Ынтымак | Мадимаров Замир | Акматова Назирахан | Жаанов Сүйүн |
6 | Чечме | Джураев Бакыт | Кожоярова Кенжехан | Каламов Садыкбек |
7 | Бел | Джураев Бакыт | Исаев Абдыкадыр | Имматали уулу Жениш |
8 | Сур | Джураев Бакыт | Каримов Мурадыл | Алдашева Бактыгүл |
9 | Эшме | Тойчиев Алман | Матираимова Кансулуу | Баев Мунар |
10 | Жал | Тойчиев Алман | Анаркулов Топчубай | Турсункулова Дилбархан |
11 | Жаңы-Коргон | Тойчиев Алман | Каракулов Жоомарт | Эргешов Шерали |
12 | Тескей | Тойчиев Алман | Кабылова Айымкыз | Каракулов Жоомарт |
Жооптуу катчы: С.Касымов
Бирлик айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын I-ачылыш сессиясынын №4 токтомуна №3 тиркеме
Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жашоочулар менен ар бир айылда жыйындарды өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
№ | Жумушчу топтун курамы | Айылдардын аталышы |
1 | Жумушчу топтун төрагасы-Гафуров Надырбек | Ормош |
2 | Жумушчу топтун катчысы-Касымов Салкынбек | Жаңы-Сырт |
3 | Жумушчу топтун мүчөсү-Акматова Назирахан | Сырт |
4 | Жумушчу топтун мүчөсү-Каримов Мурадыл | Моло |
5 | Жумушчу топтун мүчөсү-Жаанов Сүйүн | Ынтымак |
6 | Жумушчу топтун мүчөсү-Каламов Садыкбек | Чечме |
7 | Жумушчу топтун мүчөсү-Имматали уулу Жениш | Бел |
8 | Жумушчу топтун мүчөсү-Алдашева Бактыгүл | Сур |
9 | Жумушчу топтун мүчөсү-Баев Мунар | Эшме |
10 | Жумушчу топтун мүчөсү-Турсункулова Дилбархан | Жал |
11 | Жумушчу топтун мүчөсү-Эргешов Шерали | Жаңы-Коргон |
12 | Жумушчу топтун мүчөсү-Каракулов Жоомарт | Тескей |
Жооптуу катчы: С.Касымов
Бирлик айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын I-ачылыш сессиясынын №4 токтомуна №4-тиркеме
Бирлик айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды көрсөтүү нормасы.
К№ | Айылдардын аталышы | Делегатты көрсөтүү нормасынын саны | Эскертүү |
1 | Ормош айылы | 11 |
|
2 | Сырт айылы | 13 |
|
3 | Жаны–Сырт айылы | 4 |
|
4 | Ынтымак айылы | 2 |
|
5 | Моло айылы | 4 |
|
6 | Тескей айылы | 2 |
|
7 | Чечме айылы | 10 |
|
8 | Бел айылы | 9 |
|
9 | Сур айылы | 15 |
|
10 | Эшме айылы | 8 |
|
11 | Жал айылы | 11 |
|
12 | Жаны-Коргон айылы | 11 |
|
| Жалпы: | 100 |
|
Жооптуу катчы: С.Касымов