Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II- сессиясы
2024-жылдын 27-декабры № 9
Бирлик айыл аймагынын “Биримдик” муниципалдык ишканасына атайын техника сатып алууга Бирлик айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Бирлик айыл аймагынын “Биримдик” муниципалдык ишканасына атайын техника сатып алуу долбоордун сметалык суммасы жана бул долбоор үчүн Бирлик айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 26-декабрындагы №01-37/1203 сандуу кайрылуу катынкарап чыгып, айтылган сунуш-пикирлерди талкуулап,сессиянын №2 протоколуна негиз Бирлик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл аймагынын “Биримдик” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жандандыруу максатында атайын техника сатып алууга макулдук берилсин жана Кадамжай өнүктүрүү фондунан кошумча акча каражаты суралсын.
2.Бирлик айыл аймагынын “Биримдик” муниципалдык ишканасына атайын техника сатып алуу үчүн Бирлик айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салым катары 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3.Аталган акча каражатын бөлүп берүү жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ө.Шералиевге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Гафуров |