Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-ноябры № 2555-VII
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Мекенчил" депутаттык фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич Социалдык саясат боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
1) 4-пунктчанын он бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 6-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"Сатыбалдиев Эльмурза Ракиевич - № 12 Өзгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча, "Мекенчил" депутаттык фракциясынан;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |