Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2024-жылынын 28-ноябры №5
« Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Келечек” балдар бакчасынын имаратынын сыртын капиталдык ондоодон өткөрүү жөнүндө».
Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы М.Көлбаеванын айыл аймакка караштуу “Келечек” балдар бакчасынын имаратынын сырткы бөлүгүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн түзүлгөн долбоордун сметасына ылайык өздүк салым үчүн 852 237 сом акча каражатын чечип берүү зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагында турган “Келечек” балдар бакчасынын имаратынын сырткы бөлүгүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн түзүлгөн долбоордун сметасына ылайык өздүк салым үчүн 852 237 (сегиз жүз элүү эки мин эки жүз отуз жети) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Абибакир уулу Ж. |