Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2024-жылынын 28-ноябры №6
« Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин имаратынын сыртын капиталдык ондоодон өткөрүү жөнүндө.».
Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы М.Көлбаеванын айыл аймакка караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин имаратынын сырткы бөлүгүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн түзүлгөн долбоордун сметасына ылайык өздүк салым үчүн 2 943 302 сом акча каражатын чечип берүү зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн карамагында турган Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин имаратынын сырткы бөлүгүн капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн түзүлгөн долбоордун сметасына ылайык өздүк салым үчүн 2 943 302 (эки миллион тогуз жүз кырк үч мин үч жүз эки) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Абибакир уулу Ж. |