Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ
ТОКТОМ
2024-жылдын 27-декабры № 290
Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын
29-мартындагы № 42 «2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 «Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомуна, Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 25-апрелиндеги № 124 «Пилоттук режимде Бишкек шаарында административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 29-мартындагы № 42 «2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунда:
- биринчи абзацта «25 617 439,4»деген цифралар «36 467 720,5» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацта «14 744 926,1» деген цифралар «22 283 136,3» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацта «2 962 126,0» деген цифралар «3 665 623,6» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацта «2 420 879,8» деген цифралар «2 986 199,1» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- бешинчи абзацта «2 821 420,4» деген цифралар «4 391 661,6» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- алтынчы абзацта «2 668 087,1» деген цифралар «3 141 099,9» деген цифралар менен алмаштырылсын;
1.1.) 6-пунктунда:
- 3-пунктчасында «калктуу конуштардагы жерлерди ижаралоо үчүн акы төлөө,» деген сөздөр алынып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
«5). «Калктуу конуштардагы жерлерди ижаралоо үчүн акы төлөө» беренеси боюнча киреше бөлүгүнүн болжолдуу параметрлери шаардык бюджет боюнча 5 311 900,0 миң сом суммасына, Свердлов районунун бюджети боюнча 188 100,0 миң сом суммасына көбөйтүлсүн.»;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 11, 12, 13-тиркемелери ушул токтомдун 1, 11, 12, 13- тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2 жана 21-тиркемелери ушул токтомдун 2 жана 21-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) төмөнкүдөй мазмундагы 91-пункт менен толукталсын:
«91. Административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарына кошулган аймактарда иш жүргүзүүчү жана Бишкек шаарынын бюджетинен каржылануучу мекемелер үчүн 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып төмөнкүлөр белгиленсин:
1) жалпы билим берүү мектептеринин чарба башчыларынын эмгек акыларынаокуучулардын санына жараша 1 штаттык бирдикке ай сайын 2800 сомго чейин (100 окуучуга чейин – 450 сом, 100дөн 600гө чейин – 1000 сом, 600дөн 1200гө чейин – 1600 сом, 1200дөн 1800гө чейин – 2200 сом, 1800дөн жогору – 2800 сом) үстөк акы;
2) билим берүү, маданият уюмдарынын башка кызматкерлеринин эмгек акыларына 1 кызматкерге ай сайын 1000 сом эсебинде үстөк акы;
3) китепканачыларга, маданият үйлөрүнүн кызматкерлерине 1 кызматкерге ай сайын 5000 сом эсебинде үстөк акы.»;
4) 13-пункт:
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
«11) 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып, административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарына кошулган аймактарды тейлөөчү жана Бишкек шаарынын бюджетинен каржылануучу жалпы билим берүү уюмдарындагы аскерге чакырууга чейин даярдык боюнча жетекчинин бирден ставкасын күтүүгө;»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын:
21) 2024-жылдын 1-апрелинен тартып «Алга» Бишкек спорт борбору» муниципалдык мекемесин күтүүгө»;
5) 18-пунктта «кызматкерлерине кызматтык маяна ушул токтомдун 5, 51-тиркемелерине» деген сөздөр «, «Алга» Бишкек спорт борбору» муниципалдык мекемесининкызматкерлерине кызматтык маяна ушул токтомдун 5, 51, 52-тиркемелерине» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) токтом ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык 52-тиркеме менен толукталсын;
7) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 61 -тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
8) 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«2024-жылдын 1-сентябрынан тартып административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкек шаарына кошулган аймактарда иш жүргүзүүчү жана Бишкек шаарынын бюджетинен каржылануучу жалпы билим берүү уюмдарында аскерге чакырууга чейинки даярдык боюнча жетекчилерге айына 6000 сом өлчөмүндө кызматтык маяна белгиленсин.»;
9) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 8, 81-тиркемелери ушул токтомдун 5, 6-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын;
10) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 91-тиркемеси ушул токтомдун
7-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
11) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун 8-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 9-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3...Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жɵнɵтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Мэр | А.Дж. Джунушалиев |