Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 01-сентябрындагы № 7/1
Сары-Булак айылдык өкмөтүнүн 2022-жылга кабыл алган жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Сары-Булак айылдык өкмөтүнүн 2022-жылга кабыл алган жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маалыматты угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айылдык өкмөтүнүн 2022-жылга кабыл алган жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Сары-Булак айылдык өкмөтүнүн Ф.Э.Б.башчысы А.Мамажусуповдун жасаган маалыматы жактырылсын.
2. 2022-жылдын 30-август күнү максаттуу гранттан түшкөн акча каражатын көмүр сатып алуу үчүн 988.0 мин сом, 512.0 миң сом акча каражатын мектептин жылытуу системасын ондотууга жана маданият, аппарат кызматкерлеринин көбөйгөн эмгек акыларын 2022-жылдын сметасына киргизип берүү жагы Кара- Кулжа райондук Финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сары-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| К.Матиев |