Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 03-августундагы № 6/2
Кыргыз Республикасынын Президентинин 24-02-2022-жылдагы № 54-Кырыгз Республикасында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү “Жарлыгын“ турмушка ашыруу боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссиянын отурумунун сунушун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 24-02-2022-жылдагы № 54-Кыргыз Республикасында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды жана ашыкча ырым жырымдарды кыскартуу ысырапкерчилике жол бербөө жана тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү “Жарлыгын“ турмушка ашыруу боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссиянын отурумунун сунушун угуп жана талкуулап бүгүнкү кезексиз чакырылган (7-шайланган) № 5- сессиянын жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 24-02-2022-жылдагы № 54-Кыргыз Республикасында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды жана ашыкча ырым жырымдарды кыскартуу ысырапкерчилике жол бербөө жана тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү “Жарлыгын “ турмушка ашыруу жөнүндөгү Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 24-02-2022-жылдагы № 54- Кыргыз Республикасында үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды жана ашыкча ырым жырымдарды кыскартуу ысырапкерчилике жол бербөө жана тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү “Жарлыгын" турмушка ашыруу боюнча айрыкча калк арасында колдонулуп келе жаткан ашыкча ырым жырымдар колдонулбай кыскартылсын, жана маркумду узатууда 1 (бир) баш жандык союулсун, бодо мал жана жылкы союулганга тыйу салынсын деген жалпы элдик комиссиянын иштеп чыккан Жобосу бекитилсин жана аткарууга алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 24-02-2022-жылдагы № 54- Кыргыз Республикасында үй-бүдөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды жана ашыкча ырым жырымдарды кыскартуу ысырапкерчилике жол бербөө жана тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү “Жарлыгын “ турмушка ашыруу боюнча Сары-Булак айылдык кеңеши тарабынан бекитилген ЖОБОНУ аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине, милициянын участкалык иниспекторлоруна , айыл өкмөтүнүн алдында айылдык аймак боюнча комиссиянын курамына жана айыл айылдар боюнча түзүлгөн комиссияларга тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булак айылдык кеңешинин социялдык, маданий , билим берүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| К.Матиев |
|
| Сары-Булак айылдык кенешинин кезексиз чакырылгам № 6-сессиясынын № 6/2-тотомуна тиркеме |
03.08.2022-ж
Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-жылдагы № 54 Кыргыз Республикасында Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү "Жарлыгын" Сары- Булак айыл өкмөтүнүн аймагында турмушка ашыруу жана ашыкча колдонулуп жаткан ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча
ЖОБО.
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Сары-Булак айыл аймагында Үй-бүлөөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү жана жерге берүү үрп адаттары менен байланышкан, колдонулуп жүргөн ашыкча ырым жырымдарды болтурбоо боюнча иш- чараларды өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
-Кыргыз Республикасынын Конституциясына :
-Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары "жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына:
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы Кыргыз Республикасынын Үй-бүлөлүк салтанатарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү N 54 Жарлыгына:
-Сары-Булак айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
2. Жобонун максаты жана милдеттери.
3. Бул Жобонун максаты жашоочулардын социялдык абалын жакшыртуу жана коргоо, жарандардын экономикалык кызыкчылыктарына жана жашоо шарттарын олуттуу зыян келтирип жаткан мурдатан колдонулуп калынган ашыкча чыгымдарга жана ысырапкерчиликке жол бербөө чараларын аныктоо болуп саналат
4. Бул Жобонун милдеттери үйлөнүү үлпөттүн, үй-бүлөөлүк маарекелик салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш- чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү, жана жашоочулар арасында алардын маңызын жана маанисин туура түшүнүүнү калптандыруу болуп саналат.
3. Жобону ишке ашырууну аткарууга алуу боюнча комиссия.
5. Бул Жобону ишке ашыруу үчүн Сары-Булак айыл өкмөтүнүн алдында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк маарекелик салтанаттарды , маркумду акыркы сапарга узатуу маркумду эскерүү үрп -адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү,боюнча элдик комиссия түзүлөт.
6. - Комиссиянын төрагасы Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы:
- Комиссиянын катчысы: Сары-Булак айыл өкмөтүнүн социялдык маселелер боюнча жетектеөчү адис:
-Комиссиянын мүчөлөрү Сары-Булак айылдык кеңешинин депутаттары айыл өкмөтүнүн айылдарынын айыл башчылары, коомдук уюумдардын өкүлдөрү.
7. Элдик комиссиянын курамы жана саны ушул Жобо эске алынып Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын төрагасынын сунушу менен Сары-Булак айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
8. Комиссиянын ишинин аткаруучулук формасы болул комиссиянын отуруму эсептелет, эгерде комиссиянын отурумуна комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса отурумду өткерүүгө кворум болот, жана отурум мыйзамдуу болот. Комиссиянын чечими протокол менен таризделип , отурумга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынат.
9. Комиссия темөнкү функцияларды аткарат;
-Ушул жобонун талаптарына ылайык үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, маарекелик салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүү үрп - адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүгө көзөмөл кылат:
-үйлөнүу үлпөтүн, үй-бүлөөлук салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу; маркумду эскерүү үрп- адаттарын жана иш- чараларды өткөрүү , тартипке келтирүү маселелери боюнча Сары-Булак айыл өкмөтүнүн коомдук уюумдары жана жеке жактар менен иш алып баруусунун натыйжалулугун өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат:
-үйлөнүү үлпөтү, үй-бүлөөлүк салтанаттарды ,маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткерүүдө ысырапкерчилике жол бербөө боюнча жашоочулар арасында маалыматтык түшүндүрүү иштерин уюуштурат.
- үйлөнүү үлпөттү, үй- бүлөөлүк маарекелик салтанаттарды ,маркумду акыркы сапарга узатуу, маркумду эскерүү, үрп- адаттарын жана иш- чараларды өткөрүү, боюнча иш тажырыйбаларды жайылтат:
-Сары-Булак айыл аймагындагы жеке жана юридикалык жактардан ушул Жобонун аткарылышын талап кылат:
4. Ушул Жободогу негизги түшүнүктөр:
10. Маркумду акыркы сапарга узатуу иш- чаралары:
-каза болгон адамдын сөөгүн коюуга жана аны эскерүүгө байланышкан үрп -адаттардын жыйындысы:
11. үй-бүлөөлүк салтанаттар:
-үйлөнүү тойлору, тушоо кесүү тойлор, жентек тойлор ж.б.
5. үйлөнүү-үлпөт, үй-бүлөөлүк , маарекелик салтанаттар.
12. Үйлөнүү үлпөт тойлордо ысырапкерчиликке жол берилбесин 1 баш бодо малдан ашык союлбасын жана 3 автоунаадан ашык ЗАГСна чыгарылбасын чакырылган адамдын саны 300 дөн ашпасын.
13. Бешик той, ажы той, юбилейлер үй бүлөөлүк майрам катары белгиленип жакын туугандарынын катышуусу менен адам саны 50 дөн ашырбай өткөрүлсүн куда тосууда жана узатууда жылкы союуга тыйуу салынсын, 2 кой союу менен чектелсин.
14. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында Сөөк коюу, үйлөнүү үлпөт тойлорун жана башка иш-чараларды өткөрүүдө жашоочулар Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы элдик комиссиянын төрагасы менен макулдашып өткөрүшсүн
6. НИКЕ КЫЮУ АЗЕМИН ЖАНА КЫЗ УЗАТУУ ТОЙЛОРУН ӨТКӨРҮҮ.
15. Үйлөнүү тою өз ыктиярлары менен эки тараптын (Кудалар ) эсебинен 300 адамга чейинки "Банкеттик кече" же конок тосуу менен "Салттуу той" формасында өткөрүлөт жана ысырапкерчилике жол берилбейт, элге той берүүдө бир баш бодо мал союулуп чакырылган коноктор гана келип катышып кетишет, меймандарга себет тартылбайт, тойго даты себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.
16. Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан баардык иш- чараларда ( када - салттарда ) эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүп, кудалашуудан баштап, тойго байланышкан бардык иш- чараларды эки тараптын туугандарына, конокторуна, сый кийимдерди берүүгө тыюу салынат, кыз жигитке жана алардын ата-энелерине гана сый кийимдерди, белектерди берүүгө уруксат берилет.
17. Тойдон кийинки салттык отко кирүү, кыз көрдү, төркүлөтүү ж.б.у. сыяктуу кечелер өз ыктиярлары менен эки куданын үй бүлөөсү арасында 15 тен ашпаган адамдын катышуусунда өткөрүлөт.
18. Кызга сеп берүүдө ашыкча жууркан төшөнчүлөр, килемдер азайтылып, турмуш тиричиликке зарыл болгон кана буюмдар берилет.
19. Башка улуттарда кыз узатууда 10-12 ден ашык түрдүү кийим кече, күйөө баласын 40 күн багуу, ар майрам сайын күйөө балага баалуу белектерди берүү сыяктуу салттар ысырапкерчилик жана ашыкча чыгым катары эсептелинет.
20. Кыз тарапка той алып барганда кудалар тараптан 12 адамдан, күйөө жолдоштор 10 дон ашпоосу керек.
21. Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында (ЗАГС)никени мамлекеттик катоодон өтүү салтанатында 3 тан ашуун транспорту колдонууга тыюу салынат.
22. Кызга калын берүү эки тараптын макулдашуусу менен ишке ашырылат.
23. Тойлор жана ырым - жырымдар дем алыш күндөрү саат 10.00 дан 23.00 га чейин, ал эми жумуш кундару 18.00 дан 23.00гө чейинки мезгилде ичимдиксиз өткөрүлүп, 4 сааттан ашпоого тийиш, айрым улуттарда кабыл алынган салт боюнча той ырым - жырымдарды өткөрүү саат 7.00дан 10.00 га чейин сунушталсын.
24. Эки жашка молдо тарабынан нике кыюуга мамлекеттик каттоодон (нике күбөлүгүн алгандан кийин) өткөндөн кийин гана уруксат берилет.
7. Маркумду акыркы сапарга узатуу жана маркумду эскерүү иш- чаралары.
25. Сөөк коюуда маркум менен коштошууга жана жаназа окууга катышуучулардын саны чектелбейт:
26. Сөөк коюуда жана аза күтүү ырым-жырымы болуп жаткан үйдө алыскы жуук куда сөөктөргө жана карым катнаштарга 1 жандык союулат башка жандык союуга дагы тыюу салынат. Маркумду акыркы сапарга узатуу жана эскерүү учурунда дасторкон жасоодо ашыкча ысырапкерчилике жол берилбейт.
27. Маркумдун уул кыздары жана жакындарына кафелерде куран окутканга тыюу салынсын.
28. Сөөк коюуда, той аштарда себеттер материялдар алынып барылбасын.
29. Сөөк коюу, жана аза күтүү учурунда испирттик ичимдиктерди ичүүгө тыйуу салынат.
30. Тажияга келген маарекелештерге үй бөлүнбөйт намазына турат жайга койгондон ары тарап кетишет, ал эми алыскы жууктардан келген куда сөөктөр, жана карындаш уруктар колу коншулардыкынан узатылат, жана тажия күнү жай казгандар менен сөөк жуугандардан башкаларга акча же башка кийит, буюумдарды берүүгө тыюу салынат. Тажияда сандык ачууга көк кийди тон жапты жана жыртыш берүү сыяктуу ырым жырымдарды жасоого тыюу салынат. "Көк кийдини" бир гана каза болгон адамдын аялына гана кийилсин, башка кыз кыркындарга жакындарына кийгизүүгө тыюу салынат.
31. Сөөк коюудан кийин болуучу "үчүлүк," жетилик", "бейшембилик" жана "кыркылык"
өткөрүлбөсүн. Айылда "Маркумду эскерүү ырым-жырымдары тамак- аш берүүсү маркумга куран окуп бата кылуу менен жакындары кана өткөрүшсүн,
32. Маркумдун өлгөн күнү деп эскерүүгө тыюу салынсын. Маркумду эскерүү күнүн жылдын баардык күнүндө эскерүүгө болоору белгиленсин.
33. Мүрзөлөрдүн үстүнө эстелик коюу шарият жолунда жүргүзүлсүн.
34. Айт майрамдары майрам катары белгиленсин.
8. Ар түрдүү башка тойлорду өткөрүү.
35. Туулган күндү белгилөө жеке адамдын өз үй бүлөөсүндө өткөрүлөт, мамлекеттик ишканалрда туулган күн өткөрүү кечелерди уюуштурууга , спиртик ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынат.
36. Сүннөт той бир күндө өткөрүлөт, майда жандык союулуп жакын туугандарынын катышуусунда кана өткөрүлөт.
37. Юбилейлик жаштарды белгилөө жакын туугандар арасында ашыкча чыгымдарсыз үй-бүлөөлүк майрамдар катары белгиленет
38. Ажыдан зыярат кылып келген жарандар менен учурашып , элдик тойго айландырууга тыюу салынат.
9. Ушул Жобону аткаруу боюнча жеке жана юридикалык жактардын милдеттери.
39. Жеке жана юридикалык жактар үйлөнүү - үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, маарекелик салтанаттарды, маркумду жерге берүү, маркумду эскерүүгө байланышкан иш-чараларды өткөрүү боюнча айыл айылдардын айыл башчылары түзүлгөн комиссияларга милдеттүү түрдө кабарлоо, ушул Жобонун талаптарын сактоого жана өткөрүүгө милдеттүү.
40. Жеке жана юридикалык жактар ушул Жобонун талаптарын сактабагандыгы учун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте жоопкерччиликке тартылат.