Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-апрелиндеги № 5/2
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоочуларды чегерилген жайкы жайлоолорго көчүрүүнүн жана кыштоолоруна кайра көчүп келүүлөрүнүн мөөнөтүн белгилөө жөнүндөгү элдик жыйындардын сунуштарын бекитип берүү жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоочуларды чегерилген жайкы жайлоолорго көчүрүүнүн жана кыштоолоруна кайра көчүп келүүлөрүнүн мөөнөтүн белгилөө жөнүндөгү элдик жыйындардын сунуштарын бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Сары-Булак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоочуларды чегерилген жайкы жайлоолорго көчүрүүнүн жана кыштоолоруна кайра көчүп келүүлөрүнүн мөөнөтүн белгилөө жөнүндөгү элдик жыйындардын сунуштары жактырылсын жана аткарууга алынсын.
2. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашоочуларды чегерилген жайкы жайлоолорго көчүрүүнүн жана кыштоолоруна кайра көчүп келүүлөрүнүн мөөнөтү төмөндөгүдөй болуп белгиленсин. Көчүп чыгуу мөөнөтү эң акыркы күнү 2022-жылдын 10-майынан 15-майга чейин, ал эми кыштоолоруна көчүп келүү мөөнөтү 20-августан кийинкиге белгилөө жөнүндөгү элдик жыйындардын сунуштары бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына, жана айыл айылдардын айыл башчыларына участкалык иниспекторлорго милдеттендирилсин.
Сары-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| К.Матиев |