Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-декабры № 820
"Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды сатуу маселелерин жөнгө салуу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 33 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды сатуу тартибин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) "Кыргызалтын" ачык акционердик коому (мындан ары - "Кыргызалтын" ААК) тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аффинаждалган баалуу металлдарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугунан баш тарткан учурда гана жеке жана юридикалык жактарга сатууга укуктуу деп;
2) "Кыргызалтын" ААК 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы чендик куймаларды сатууда сапат сертификатын жана/же аффинаждалган чендик куйманын сатып алынгандыгын ырастоо жөнүндө маалымкат берүүгө милдеттүү деп;
3) "Кыргызалтын" ААК 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы алтын куймаларын сатууда жана сатып алууда сатып алуучуларды идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөрбөөгө укуктуу деп.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 33 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) жеке жана юридикалык жактар "Кыргызалтын" ААКтан сатылып алынган аффинаждалган чендик куймаларды үчүнчү жактарга сатууга укуктуу деп;
5) жеке жактар "Кыргызалтын" ААКтан сатылып алынган 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды төмөнкү учурларда ташып чыгууга укуктуу деп:
- Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагынан тышкары үчүнчү өлкөлөргө жеке пайдалануу үчүн товарлар катары.
"Кыргызалтын" ААКтан сатылып алынган 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды ташып чыгууда жеке жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органдардын өкүлдөрүнө тиешелүү сапат сертификатынын көчүрмөсүн берет же Quick Response code - "тез жооп коду" боюнча шилтемени ачат, анда бул чендик куйма "Кыргызалтын" ААК тарабынан жасалгандыгы жөнүндө ырастама, ошондой эле ушул чендик куйманын пробасы жөнүндө маалымат, бажылык декларациялоо максаттары үчүн инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү камтылат;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө алардын санын чектебестен.
"Кыргызалтын" ААКтан сатылып алынган 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды ташып чыгууда жеке жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө тиешелүү сапат сертификатынын көчүрмөсүн берет же Quick Response code - "тез жооп коду" боюнча шилтемени ачат, анда бул чендик куйма "Кыргызалтын" ААК тарабынан жасалгандыгы жөнүндө ырастама, ошондой эле бул чендик куйманын пробасы жөнүндө маалымат камтылат;
6) юридикалык жактар "Кыргызалтын" ААКтан сатылып алынган 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды төмөнкү учурларда ташып кетүүгө укуктуу деп:
- бажы мыйзамдарында жана Евразия экономикалык бирлигинин актыларында каралган тартипте Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагынан тышкары үчүнчү өлкөлөргө.
"Кыргызалтын" ААКтан сатылып алынган 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды ташып чыгууда юридикалык жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө тиешелүү сапат сертификатынын көчүрмөсүн берет же Quick Response code - "тез жооп коду" боюнча шилтемени ачат, анда бул чендик куйма "Кыргызалтын" ААК тарабынан жасалгандыгы жөнүндө ырастама, ошондой эле бул чендик куйманын пробасы жөнүндө маалымат, берүүсү эл аралык келишимдерде жана Евразия экономикалык бирлигинин актыларында белгиленген документтер камтылат;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө алардын санын чектебестен.
"Кыргызалтын" ААКтан сатылып алынган 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды ташып чыгууда юридикалык жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө тиешелүү сапат сертификатынын көчүрмөсүн берет же Quick Response code - "тез жооп коду" боюнча шилтемени ачат, анда бул чендик куйма "Кыргызалтын" ААК тарабынан жасалгандыгы жөнүндө ырастама, ошондой эле бул чендик куйманын пробасы жөнүндө маалымат, берүүсү эл аралык келишимдерде жана Евразия экономикалык бирлигинин актыларында белгиленген документтер камтылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 33 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-январындагы № 1 (3657) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-декабры № 820
"Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан
өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы
аффинаждалган чендик куймаларды сатуу маселелерин жөнгө
салуу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 33, 2025-жылдын 5-мартындагы № 116 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргызалтын" ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды сатуу тартибин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-мартындагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2) "Кыргызалтын" ААК 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы чендик куймаларды сатууда сапат сертификатын жана/же аффинаждалган чендик куйманын сатып алынгандыгын ырастоо жөнүндө маалымкат берүүгө милдеттүү деп;
3) "Кыргызалтын" ААК 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы алтын куймаларын сатууда жана сатып алууда сатып алуучуларды идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөрбөөгө укуктуу деп.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 33 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) жеке жана юридикалык жактар "Кыргызалтын" ААКтан сатылып алынган аффинаждалган чендик куймаларды үчүнчү жактарга сатууга укуктуу деп;
5) жеке жактар "Кыргызалтын" ААКтан сатылып алынган 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды төмөнкү учурларда ташып чыгууга укуктуу деп:
- Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагынан тышкары үчүнчү өлкөлөргө жеке пайдалануу үчүн товарлар катары.
"Кыргызалтын" ААКтан сатылып алынган 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды ташып чыгууда жеке жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик контролдоочу органдардын өкүлдөрүнө тиешелүү сапат сертификатынын көчүрмөсүн берет же Quick Response code - "тез жооп коду" боюнча шилтемени ачат, анда бул чендик куйма "Кыргызалтын" ААК тарабынан жасалгандыгы жөнүндө ырастама, ошондой эле ушул чендик куйманын пробасы жөнүндө маалымат, бажылык декларациялоо максаттары үчүн инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү камтылат;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө алардын санын чектебестен.
"Кыргызалтын" ААКтан сатылып алынган 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды ташып чыгууда жеке жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө тиешелүү сапат сертификатынын көчүрмөсүн берет же Quick Response code - "тез жооп коду" боюнча шилтемени ачат, анда бул чендик куйма "Кыргызалтын" ААК тарабынан жасалгандыгы жөнүндө ырастама, ошондой эле бул чендик куйманын пробасы жөнүндө маалымат камтылат;
6) юридикалык жактар "Кыргызалтын" ААКтан сатылып алынган 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды төмөнкү учурларда ташып кетүүгө укуктуу деп:
- бажы мыйзамдарында жана Евразия экономикалык бирлигинин актыларында каралган тартипте Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы аймагынан тышкары үчүнчү өлкөлөргө.
"Кыргызалтын" ААКтан сатылып алынган 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды ташып чыгууда юридикалык жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө тиешелүү сапат сертификатынын көчүрмөсүн берет же Quick Response code - "тез жооп коду" боюнча шилтемени ачат, анда бул чендик куйма "Кыргызалтын" ААК тарабынан жасалгандыгы жөнүндө ырастама, ошондой эле бул чендик куйманын пробасы жөнүндө маалымат, берүүсү эл аралык келишимдерде жана Евразия экономикалык бирлигинин актыларында белгиленген документтер камтылат;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнө алардын санын чектебестен.
"Кыргызалтын" ААКтан сатылып алынган 1 граммдан 1 килограммга чейинки салмактагы аффинаждалган чендик куймаларды ташып чыгууда юридикалык жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө тиешелүү сапат сертификатынын көчүрмөсүн берет же Quick Response code - "тез жооп коду" боюнча шилтемени ачат, анда бул чендик куйма "Кыргызалтын" ААК тарабынан жасалгандыгы жөнүндө ырастама, ошондой эле бул чендик куйманын пробасы жөнүндө маалымат, берүүсү эл аралык келишимдерде жана Евразия экономикалык бирлигинин актыларында белгиленген документтер камтылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 33, 2025-жылдын 5-мартындагы № 116 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-январындагы № 1 (3657) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |