Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-апрелиндеги № 5/3
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле Жайыттар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу,Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жана жайыт пайдалануу учун акы төлөө өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле Жайыттар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык Сары-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу, Жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жана жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү Сары-Булак айыл өкмөтүнүн заседаниесинин сунушун угуп жана талкуулап Сары-Булак айылдык кенешинин кезексиз чакырылган № 5- сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айылдык окуругунун Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Сары-Булак айылдык окуругунун Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022- жылга карата түзүлгөн бюджетинин долбоору 152,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн заседаниесинин жайыт пайдалануу учун акы төлөө өлчөмү төмөндөгүдөй болуп 1. жылкы малдар үчүн 50 сом 2. Ийри мүйүздүү малдарүчүн 50 сом. 3. Кой эчкилер үчүн 10 сомдон белгиленсин деген сунушу бекитилсин.
4. Сары-Булак айылдык окуругунун жайыт камитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милети жүктөлсүн.
5. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жогорудагы аталган жайыт жерлери менен кошо тиркелген кабыл алуу өткөрүп берүү актысына ылайык жайыт инфраструктуурасына тийешелүү обьектилери өткөрүлүп берилсин.
б. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Булак айылдык окуругунун башчысы Ж.Бакировго жүктөлсүн.
Сары-Булак айылдык Кеңешинин төрагасы: |
| К.Матиев |