Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-ноябрындагы № 11/1
“Кара-Кулжа Таза-Суу” жана “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканаларынын 2022-жыл бюджеттеринин 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалы жөнүндө
“Кара-Кулжа Таза-Суу” жана “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканаларынын 2022-жыл бюджеттеринин 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалын караган айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 09.11.2022-жылдагы № 6 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. “Кара-Кулжа “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2022-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 4.369.705 сомго жана чыгашасы 4.230.434 сомго канаттандырарлык аткарылгандыгы белгиленсин.
2. “Кара-Кулжа “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 5.746.045 сомго жана чыгашасы 5.856.045 сомго айрым кемчилдиктер менен канаттандырарлык аткарылгадыгын белгиленсин.
3. 1-Май айылындагы таза-суу артезиан кудугун пайдаланууга берилишин, таза-суу менен үзгүлтүксүз айыл тургундарын камсыздоо жана Кара-Кулжа айылындагы “Билал” мечитиндеги артезиан кудугунун акча каражаттарынын жумшалышы жөнүндөгү, Кара-Кулжа айылына болунгон 960.000 сомдук пласмасса трубалардын сатып алуу боюнча финансалык отчетторунун кабыл алуу АКТсынын, кабыл алуу АКТсы түзүү боюнча комиссиянын буйругунун, сатып алуулардын тендердик комиссиянын чечимдеринин тактап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго жана “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын директору К.Суюнбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага, туруктуу комиссиялардын төрагалары М.Аматовго, К.Жалаловго, М.Жуманазаровага жана А.Камчыбековго жүктөлсүн.
Төрага |
| А.А.Бөрүбаев |