Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-ноябрындагы № 11/2
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2022-жыл бюджетинин 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен аткарылышынын абалын караган айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 09.11.2022-жылдагы № 6 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен бюджетинин кирешеси 44.630.700 сомго жана чыгашасы 42.670.396 сомго канаттандырарлык аткарылгадыгы белгиленсин.
2. Кара-Кулжа айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын 2023-2027-жылдарга негизги баскычтары жөнүндө жалпы элдик Коомдук угуу уюштуруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Апалаевге милдеттендирилсин.
3. Кара-Кулжа айыл аймактын 2023-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) түзүүдө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндөгү” Мыйзамын жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Н.Апалаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жуманазаровага тапшырылсын.
жүктөлсүн.
Төрага |
| А.А.Бөрүбаев |