Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-ноябрындагы № 11/3
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнү караган айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 09.11.2022-жылдагы № 6 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө төмөндөгү өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:-
-Долбоорду (проект) турмушка ашыруу үчүн Г.Ибраимова, Биймырза, А.Каримов, Балкыял, Салкын Жээк жана Сейил атындагы бала бакчаларына Бүткүл Дүйнөөлүк Банк каржылануусу 500 бала бакча долбоорду (проект) турмушка ашырууга, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 600.000 сом болунүп берилсин.
-“Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасына 2022-жылдын 9 (тогуз) айынын жыйынтыгы менен айыл өкмөтүнүн бюджетинен субцидия катары 1.000.000 сом акча каражаты которулуп берилсин.
-Мээрим атындагы бала бакчага видеокамераларды орнотууга 80.000 сом жана Э.Осмонов орто мектебине видеокамераларды орнотууга 150.000 сом болунүп берилсин.
-К.Каратаев көчөсүнүн тургуну турмуш-шарты оор Жусупова Нурпериге 50.000 сом, Биринчи Май айылынын тургуну 2- топтогу майып (маркум) Дайырбеков Орозбайдын тажиясына кеткен чыгымдарга агасына Дайырбеков Алайбек Раимбердиевичке 50.000 сом жардам, А.Максутов көчөсүнүн тургуну турмуш-шарты оор турак үйүнүн үстүнөн жамгыр тамчылап жаткандыктан турак үйүнүн чатырын ондоого 2-топтогу майып Сатыбалдыев Сагынга 30.000 сом, 1-Май айылынын тургуну турмуш-шарты оор турак үйүнүн үстүн-чатырын жабууга Маткеримов Кадырали Мамытовике 50.000 сом, А.Осмонов көчөсүнүн тургуну турмуш-шарты оор Козген уулу Мирбекке даарыланууга 30.000 сом, Кара-Кулжа айылынын тургуну 2- топтогу майып Маткеримов Чолпонбай Шермаматовичке даарыланууга 30.000 сом, Кара-Кулжа айылынын тургуну 2- топтогу майып Аматов Салмоорбекке даарыланууга 50.000 сом болунүп берилсин жана акча каражатын 2022-жылдын 10-декабрына чейин камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы В.Маматалиевага жүктөлсүн.
-Биринчи Май китепканасына ноутбук жана адабий китептерди сатып алууга 62.000 сом бөлүнүп берилсин.
-А.Максутов көчөсүн асфальтоого ПСД жасатууга 130.000 сом бөлүнүп берилсин.
-Жаны курулган бала бакчага электр энергиясынын АКТ сын толоого 65.000 сом жана жылытуу системасын ондотууга 100.000 сом бөлүнүп берилсин.
-айыл өкмөтүнүн резервдик фондуга 100.000 сом бөлүнүп берилсин.
-таза-суу проектисине 150.000 сом бөлүнүп берилсин.
-спорттук иш-чараларды уюштурууга100.000 сом бөлүнүп берилсин.
-Биймырза спорт комплексинин проектисин озгортүүго 80.000 сом бөлүнүп берилсин.
-ХОВО автунаасын ондоого 100.000 сом бөлүнүп берилсин.
-өзгөчө кырдаалдарга 100.000 сом бөлүнүп берилсин.
-О.Сайдилканов автордук мектебинин жаны имаратынын ПСД даярдоого 500.000 сом бөлүнүп берилсин.
-Т.Самидинова көчөсүн асфальтоого ПСД жасатууга 130.000 сом бөлүнүп берилсин.
-ар турдуу чыгымдарга 600.000 сом бөлүнүп берилсин.
-социалдык имараттарды кышка дардоого 200.000 сом бөлүнүп берилсин.
-Биринчи Май айылындагы Э.Алиев, Молдо Жангара ички жолдоруна шагыл төшөөгө 650.000 сом бөлүнүп берилсин.
-Совет алты мандатка көчөлөргө асбест труба орнотууга 200.000 сом бөлүнүп берилсин.
-Айыл өкмөтүнүн аймагында иш жүргүзгөн учасковыйларга күйүүчү майдан жардам берүүгө 50.000 сом бөлүнүп берилсин.
-аппараттын ар түрдүү чыгымдарына 50.000 сом бөлүнүп берилсин.
-айыл өкмөтүнө караштуу 9-мектепке спортук-инвентарларды сатып алууга 150.000 сом бөлүнүп берилсин.
-Биймырза айылындагы Дзю-до ийримине спорттук инвентар сатып алууга 141.000 сом бөлүнүп берилсин
- Э.Осмонов атындагы орто мектебинин топурагын чыгарууга кошумча 100.000 сом болунүп берилсин.
-Биймырза айылындагы тейлөө үйүн ондоо жүргүзүүгө 504.300 сом айыл өкмөтүнүн 2023-жыл карата бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жуманазаровага тапшырылсын.
жүктөлсүн.
Төрага |
| А.А.Бөрүбаев |