Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-ноябрындагы № 11/4
Сары-Камыш айылында жайгашкан аты жок көчөгө айыл чарбасында көпжылдар эмгектен (маркум) Садыков Калмаматтын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Айылдык кенешинин 23.04.2014-жыл № 8/2 “Билим, маданий жана саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу боюнча жобосу жөнүндөгү” токтомун жетекчиликке алып, айылдык кенешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 17.11. 2022-жылдагы № 4 “Сары-Камыш айылынын элдик жыйынын 5- октябрь 2022-жылдагы № 11 “Сары-Камыш айылында жайгашкан аты жок-четки көчөгө Сексенбай уулу Казыбектин турак үйүнөн кашат бойлоп Маметеминов Жамалбектин турак үйүнө чейин жана К.Ормокеев атындагы мектебинен баштап төрт көчө менен бириккен Үрпөков Омор көчөсүнө чейин айыл чарбасында көп жылдар эмгектен (маркум) Садыков Калмаматтын ысмын ыйгаруу боюнча” сунушун бекитүү жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Сары-Камыш айылынын элдик жыйынын 05.10.2022-жылдагы № 11 “Сары-Камыш айылында жайгашкан аты жок көчөгө айыл чарбасында көп жылдар эмгектен (маркум) Садыков Калмаматтын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколдук чечими бекитилсин.
2. Сары-Камыш айылында жайгашкан аты жок-четки көчөгө Сексенбай уулу Казыбектин турак үйүнөн кашат бойлоп Маметеминов Жамалбектин турак үйүнө чейин жана К.Ормокеев атындагы мектебинен баштап төрт көчө менен бириккен Үрпөков Омор көчөсүнө чейин айыл чарбасында көп жылдар эмгектен (маркум) Садыков Калмаматтын ысмы ыйгарылсын.
3. Сары-Камыш айылындагы (маркум) Садыков Калмамат атындагы көчөгө демөөрчүлүк көрсөтүү, жолдун шарттарын жакшыртуу жагы уулу Садыков Куштарбекке жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага |
| А.А.Бөрүбаев |