Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-ноябрындагы № 11/5
Кара-Кулжа айылында жайгашкан Орозали Сайдилканов автордук гимназия мектебинин айланасын тосууга жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин “Жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчетту бекитүү жана бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” 3-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 09.11.2022-жылдагы № 6 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа айылында жайгашкан Орозали Сайдилканов автордук гимназия мектебинин айланасын тосууга жазылган долбоорду колдоого жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен 114.710 сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Долбоорду колдоп берүү жагы “Кара-Кулжа районунун өнүктүрүү” фондусунан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага |
| А.А.Бөрүбаев |