Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-ноябрындагы № 11/7
Сары-Камыш айылында жайгашкан К.Ормокеев атындагы орто мектебинин жер аянтынан айыл жаштардын демилгеси менен “Күрөш зал” курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтүү жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, айылдык кенешинин жаратылышты коргоо жана жерге жайгаштыруу, жер ресурстары курулуш, транспорт, архитектура, экология, айыл-суу чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын курамынын отурумунун 29 - ноябрь 2022-жылдагы № 3 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Сары-Камыш айылында жайгашкан К.Ормокеев атындагы орто мектебинин жер аянтынан айыл жаштардын демилгеси менен “Күрөш зал” курууга 400 м.кв. жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Жер аянтынын документтерин жана архитектуралык пландоо шарттарын даярдоого акча каражатын чечип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага |
| А.А.Бөрүбаев |