Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-ноябрындагы № 11/9
Кара-Кулжа айылында жайгашкан А.Максутов атындагы көчөгө орнотулган 8–даана темир бетон (ЖБ) маамычаларды, Таши-Ажы атындагы көчөгө орнотулган 11–даана темир бетон (ЖБ) маамычаларды жана 1-Май айылында жайгашкан Жаны-Чек көчөгө орнотулган 28 –даана темир бетон (ЖБ) маамычаларды, Кашат көчөгө орнотулган 8 –даана темир бетон (ЖБ) маамычаларды, Молдо Жангар көчөгө орнотулган 7 –даана темир бетон (ЖБ) маамычаларды, Кулаган-Таш көчөгө орнотулган 21 –даана темир бетон (ЖБ) маамычаларды райондук электр тармактар (РЭТ) ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо” Мыйзамынын 31-беренесинин 5 -“Жергиликтуу жааматтын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын козомолго ишке ашыруу жонундогу” болумчосун жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 31.10.2022-жыл № 1-3 / 446 сандуу өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Кара-Кулжа айыл аймагындагы Кара-Кулжа айылында жайгашкан А.Максутов атындагы көчөгө орнотулган 8 –даана темир бетон (ЖБ) маамычалар, Таши-Ажы атындагы көчөгө орнотулган 11 –даана темир бетон (ЖБ) маамычалар жана 1-Май айылында жайгашкан Жаны-Чек атындагы көчөгө орнотулган 28 –даана темир бетон (ЖБ) маамычалар, Кашат атындагы көчөгө орнотулган 8 –даана темир бетон (ЖБ) маамычалар, Молдо Жангар атындагы көчөгө орнотулган 7 –даана темир бетон (ЖБ) маамычалар, Кулаган-Таш атындагы көчөгө орнотулган 21 –даана темир бетон (ЖБ) маамычалар жалпысынан 86 –даана темир бетон (ЖБ) электр энергия маамычалары Кара-Кулжа райондук электр тармактар (РЭТ) ишканасынын балансасына өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага |
| А.А.Бөрүбаев |