Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-ноябрындагы № 11/10
Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө 1-январь 2020-жылдан 31-декабрь 2021-жылга чарбалык жана финансалык иштерин караган Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө
Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө 1-январь 2020-жылдан 31-декабрь 2021-жылга чарбалык жана финансалык иштерин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан 04.07.2022-жылдагы текшерүүнүн жыйынтыктарын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Айыл өкмөтүндө 1-январь 2020-жылдан 31-декабрь 2021-жылга чарбалык жана финансалык иштерин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан 04.07.2022-жылдагы текшерүүнүн жыйынтыктарында белгиленген кемчилдиктер эске алынсын.
2. Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов көчөсүндө жайгашкан 2.75 га сугат жана Ш.Жээнбеков интернат лицейинен 3.0 га мамлекеттик фондусунун жер аянттарын жана айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жер тилкелерин толук ижарага берүүнү камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго жүктөлсүн.
3.”Тынчтык” атындагы 28.0 га багынын ижара төлөмү гектарына 100 (жүз) сомго 20-май 2005-жылы келишимде белгиленген, айылдык кенеши бекиткен өлчөмүндө келишимди жаныдан түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго сунушталсын.
4. Айылдык кенешинин 15.07. 2022-жылдагы № 9 / 4 “Кара-Кулжа айылында жайгашкан Ч.Пазылов көчөсүндөгү 2.75 га сугат мамлекеттик фондусунун жер аянтын толук айыл өкмөтүнө өткөрүп алуу үчүн сотко кайрылуу жөнүндөгү” токтомунун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.А.Бөрүбаев |