Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-ноябрындагы № 11/11
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн акча каражаттарын бир статьиядан экинчи статьияга которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 24 - октябрь 2022-жылдагы № 1-3 / 347 өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. 1-Май айылынын таза суусун жакшыртууга каралган 704-3111статьясынан 650 000 сом акча каражатынан, 704-2221 статьясына 1-Май айылынын ички кочолоруно шагыл токтурууго которулуп берилсин.
2. Үнөмдөлгөн акча каражатынан Кара-Кулжа айылынын ички кочолоруно шагыл тошоого 370 000 сом акча каражаты 704-2221 статьясына которулуп берилсин.
3. Үнөмдөлгөн акча каражатынан Кара-Кулжа айыл окмотунун карамагындагы мектеп жана бала бакчаларга видеокозомол орнотууга 530 000 сом акча каражаты 70921-3112 статьясына которулуп берилсин.
4. Үнөмдөлгөн акча каражатынан райондун борборундагы китепкананын жасалгалоо иштерине 2021-жылдагы калган калдыгы 296.547 сом бөлүнүп берилсин .
5. Максаттуу трансферлерден жер салыгы үчүн түшкөн акча каражатынан мектептерге компьютердик классын даярдоого 224. 000 сом акча каражаты 70921-2221 статьясына которулуп берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жуманазаровага жүктөлсүн.
Төрага |
| А.А.Бөрүбаев |