Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-ноябрындагы № 11/12
Кара-Кулжа айыл аймагына мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 18.01.2022-жылдагы № 4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык жана айыл өкмөтүнүн 30 - ноябрь 2022-жылдагы № 1-3 / 495 өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Кара-Кулжа айыл аймагында мүлк салыгынын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин:-
а) Кыймылсыз мүлккө салык (турак жайга же жайга мүлк салыгы. Турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы);
б) Кыймылдуу мүлккө салык (юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына мүлк салыгы жана жеке жактардын транспорттук каражаттарына мүлк салыгы);
в) Жер салык (жанаша короо жай жана багбанчылык огород жер участокторуна мүлк салыгы, айыл чарбасына тиешелүү жерлерге мүлк салыгы. Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерине мүлк салыгы);
2. Мүлк салыгы 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин.
3. Мүлк салыгынан жергиликтүү бюджетке түшүүчү каражаттарды тактоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жээнбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага |
| А.А.Бөрүбаев |