Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-ноябрындагы № 11/13
Кара-Кулжа айылындагы М.Алиев көчөсүндө жайгашкан Э.Осмонов атындагы орто мектебинин чатырчасын алмаштырууга өздүк салымга акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 30-ноябрь 2022-жылдагы № 1-3/494сандуу өтүнүч катын жана М.Алиев көчөсүндө жайгашкан Э.Осмонов атындагы орто мектебинин чатырчасын алмаштыруу багытында жазылган түрткү берүүчү (үлүштүк) грант долбоорун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ :-
1. Кара-Кулжа айылындагы М.Алиев көчөсүндө жайгашкан Э.Осмонов атындагы орто мектебинин чатырчасын алмаштыруу үчүн жазылган долбоорду колдоого өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен 955.042 (тогуз жүз элүү беш мин кырк эки) сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Кулжа айылындагы М.Алиев көчөсүндө жайгашкан Э.Осмонов атындагы орто мектебинин чатырчасын алмаштыруу багытында жазылган түрткү берүүчү (үлүштүк) грант долбоорун колдоп берүү жагы түрткү берүүчү (үлүштүк) грантына түзүлгөн долбоорду тандап алуу жана бекитүү боюнча райондук комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага |
| А.А.Бөрүбаев |