Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 30-ноябрындагы № 11/14
Биймырза айылына полистирол блок чыгаруучу цех курууга жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31 “Айылдык кенештин компетенциясы жөнүндөгү” беренесинин “Жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын отчетту бекитүү жана бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттин тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндөгү” 3-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 30 - ноябрь 2022-жылдагы № 1-3 / 537 өтүнүч катын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:-
1. Биймырза айылына полистирол блок чыгаруучу цех курууга жазылган долбоорду колдоого жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен 135.000 сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Долбоорду колдоп берүү жагы “Кара-Кулжа районунун өнүктүрүү” фондусунан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары З.Нурматовага жүктөлсүн.
Төрага |
| А.А.Бөрүбаев |