Редакцияот 25.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Баетов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектүү ХХIX сессиясы

 

2023-жылдын 25-апрелиндеги № ХXIX/3

“Балыкчы - ПАТП” АА коомунун Баетов-Бишкек-Баетов каттамынын жол киресинин тарификациясын бекитүү жөнүндө

 

“Балыкчы - ПАТП” АА коомунун Баетов-Бишкек-Баетов каттамынын жол киресинин тарификациясын бекитүү боюнча маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин XXIX сессиясы.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Балыкчы - ПАТП” АА коомунун Баетов-Бишкек-Баетов каттамынын жол киресинин тарификациясын 440 (төрт жүз кырк) сом өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.

 

2. Баетов-Бишкек-Баетов каттамын үзгүлтүксүз иш алып баруусун камсыз кылуу “Балыкчы - ПАТП” АА коомунун жетекчилигине милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү депутаттык иш мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Баетов айылдык Кеңешинин төрагасы:  

 

Ч. Азимжанов