Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН I СЕССИЯСЫ (VIIчакырылыш)
2024-жылдын 27-ноябры № 4
Раззаков шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 40-беренесинин 1-пунктуна жана эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3 протоколуна ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаардык Кеңешинин төрагасы кызматына Саматов Санжарбек Анаркулович шаардык Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайлансын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин төрагасына, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Төрага | С.А.Саматов |