Загрузка документа…
РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН I СЕССИЯСЫ (VII чакырылыш)
2024-жылдын 27-ноябры № 5
Раззаков шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 41-беренесинин 1-пунктуна ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раззаков шаардык Кенешинин төрагасынын орун басарлары болуп Абдиева Гулзат Юсупбаевна жана Халилов Адилжон Ахматович шайлансын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин төрагасына, шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларына жана шаардык Кеңештин аппаратына жүктөлсүн.
Төрага | С.А.Саматов |