Редакцияот 16.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН

ТОКТОМУ

Баетов айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектүү ХХVI сессиясы

 

2023-жылдын 16-мартындагы № ХXVII/1

 

Баетов айылынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен (ФПС) жер бөлүп берүү жөнүндө

 

Баетов айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен (ФПС) Э. Карасартов, Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектептерге, аз камсыз болгон уй-бүлө Базаров Алтынбек, Маметов Каныбекге жер бөлүп берүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезексиз XXVII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Баетов айылында жайгашкан Э. Карасартов атындагы орто мектепке 2,75 сотых, Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектепке 5га жер бөлүнүп берилсин.

 

2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жеринен Баетов айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлө Базаров Алтынбекке 2га жер, Маметов Каныбек 1га жер бөлүнүп берилсин.

 

3. Бул токтом маалымат-массалык каражаттары аркылуу элге жарыялансын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айыл өкмөт башчысына жана өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

Ч. Азимжанов