Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-январы № 13
Ардактуу атуул наамын ыйгаруу тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө.
Алтын-Бешик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу “ наамын ыйгаруу тартиби жөнүндөгү жобону карап чыгып, таанышып, талкуулап Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
Токтом кылат:
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, агрардык жана мыйзамдуулук маселелери боюнча комиссиянын төрагасы Ж.Матаевге жүктөлсүн.
Төрайым | А. Матраимова |
Алтын–Бешик айылдык кеңешинин №13 токтомуна тиркеме
Алтын-Бешик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун
тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы түшүндүрмө
1.1 Бул, Жобо Алтын-Бешик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
1.2 “Ардактуу атуул” наамы (жергиликтүү жамааттын) – ЖЖнын эң жогорку сыйлыктарынын бири. Айылдык кеңештин токтому менен бекитилген.
Ушул ЖОБОго ылайык айылдык кенештин төрөгасы же айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан чоң майрамдык иш чараларга карата салтанаттуу түрдө коомчулуктун алдында ыйгарылат.
1.3 “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары–айыл өкмөтү, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.
1.4 “ Алтын-Бешик айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал айыл аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн Алтын-Бешик айылдык кеңешинин чечими менен берилет.
1.5 “ Алтын-Бешик айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды айыл өкмөтү же айылдык кеңеш кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык карап чыгат. Тиешелүү документтер такталгандан кийин жыйынтыгы протоколдоштурулуп, талапкерлердин өзүнүн сунушу менен айылдык кеңешке жөнөтөт.
1.6 Алтын-Бешик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлердин документтери айылдык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
1.7 Алтын-Бешик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда 4 адамга гана ыйгарылат.
II. Алтын-Бешик айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчүн негизги талаптар:
2.1 Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу, айылдарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, айылдын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2 Алтын-Бешик айыл аймагынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаттарына;
- Билим берүү, саламаттыкты сактоодо, маданият, спорт, айыл чарба ж.б. тармактарда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендерге, КРна эмгек сиңирген кызматкер деген наам алгандарга;
- Илимий жогорку даражага ээ болгон атуулдарга;
- Ишкана ачып, элди туруктуу жумуш орду менен камсыз кылган ишкерлерге,
- Инвестициялык долбоорлорду тартып, Алтын-Бешик айыл аймагынын инфруструктурасын жакшыртууга өзгөчө салым кошкон инсандарга.
III. Аймактын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби
3.1 Алтын-Бешик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын алган атуулга «Ардактуу атуулу» жазуу лентасы, күбөлүгү жана төш белгиси ыйгарылат.
Даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3.2“Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө жылына бир жолу Алтын-Бешик айылдык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3.3 ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар
тарабынан сунушталган болсо:
•Талапкер боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
• чогулушка 18 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
• коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
• паспортунун көчүрмөсү;
•өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;
• мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б).
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
• эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун протоколу же токтому;
• өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
•“Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын айылга, эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
•өздүк баракчасы сүрөтү менен;
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
• паспортунун көчүрмөсү.
VI Алтын-Бешик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын жокко чыгаруу
4.1 Алтын-Бешик айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгүдөй учурларда айылдык кенештин токтому менен жокко чыгарылат:
Соттун чечими менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганда;
Тиешелүү документтердин туура эместиги ачыкталганда;
Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратылганда.
Жобо 4-пункттан турат жана зарыл учурларда Алтын-Бешик айыл аймагынын, кеңештин депутаттарынын сунушу менен өзгөртүү жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Алтын-Бешик айылдык кеңешинин төрайымы
|
| А.Матраимова |