Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү II сессиясы
2024-жылынын 19-декабры №9
« Терек-Сай айыл аймагындагы чарбалык ички арык-каналдарды Чаткал райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө ” токтомуна ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 21.05.2024-жылдагы № 171-б сандуу буйругунун негизинде Терек-Сай айыл аймагындагы чарбалык ички арык-каналдарды Чаткал райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү тапшырмасын аткарууга алуу максатында, Терек-Сай айыл аймагына караган Кызыл-Токой айылындагы 6 км айыл чарба каналын Чаткал райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын жооптуу катчысы М.Көлбаеванын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап,
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы 6 км айыл чарба каналын Чаткал райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жагы жактырылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу М.Көлбаевага милдеттендирилсин.
3.Мыйзамдуу жагын карап берүү Терек-Сай айыл өкмөтүнүн юристине жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр жай, жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, курулуш, муниципалдык менчик, жаратылышты коргоо жана экологияны коргоо боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Абибакир уулу Ж. |