Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектүү II сессиясы
2024-жылынын 19-декабры №10
« Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын № 68 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө ».
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жаны ачыла турган “Учур” балдар бакчасынын кызматкерлерине эмгек акысын карап берүү жөнүндөгү Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын 2024-жылдын 04-сентябрында кабыл алынган № 68 токтому мыйзам талаптарына туура келбегендиги жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу М.Көлбаеванын маалыматын угуу менен, бул сессияга катышкан депутаттардын токтомду жокко чыгаруу зарыл экендиги жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап,
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жаны ачыла турган “Учур” балдар бакчасынын кызматкерлерине эмгек акысын карап берүү жөнүндөгү Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясынын 2024-жылдын 04-сентябрында кабыл алынган № 68 токтому мыйзам талаптарына туура келбегендигине байланыштуу жокко чыгаруу жөнүндөгү депутаттардын сунуш ачык добуш менен колго салынып, 21 (жыйырма бир) депутаттын ачык добуш берүүсү аркылуу көпчүлүк депутаттар тарабынан колдоо тапкандыктан, жогорудагы токтом жокко чыгарылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешине милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин регламент, депутаттык этика жана мандат, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Абибакир уулу Ж. |