Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-январы № 3
Консулдук кызмат көрсөтүүлөр жана визалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Визалык жол-жоболорду оптималдаштыруу максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 13-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкаларында:
- 41-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"41. Эки жумуш күнгө чейин электрондук визаларды тариздөө жана берүү менен байланышкан консулдук иш-аракеттерди аткаруу үчүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкасы 200 пайызга жогорулатылат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускамада:
- 5-пунктта:
сегизинчи, он үчүнчү, он төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- сапар виза ("sapar visa") - "J" тиби.";
- 10-пунктта:
он алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- сапар виза ("sapar visa") - "J" тиби.";
он жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 19, 25-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Сапар виза ("J" тиби) Кыргыз Республикасына туризм максатында, жеке мүнөздөгү ар кандай максаттар, анын ичинде досторуна баруу, медициналык кызматтарды алуу, ошондой эле ишкердик максаттары менен: мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери экономикалык дипломатия боюнча долбоорлордун алкагында эмгектик же жеке ишкердик ишин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында пайда табуу менен байланышкан башка аракеттерди жүзөгө ашыруу укугусуз 90 күнгө чейинки мөөнөткө уюштуруучу сүйлөшүүлөргө, конференцияларга жана кеңешмелерге, спорттук иш-чараларга катышуу үчүн келүүгө ниеттенген арыз ээсине таризделет.
Визасыз режим боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн арыз ээсине 90 күнгө чейинки мөөнөткө бир жолку сапар виза ("J" тиби) таризделет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана/же уставдык капиталга мамлекеттик катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын, чарбалык коомдордун жүйөлөштүрүлгөн өтүнүчү боюнча арыз ээсине сапар виза ("J" тиби) 6 айга чейин таризделет.";
- 27-пункт "окуу ("S" тиби)" деген сөздөрдөн кийин ", "Санариптик көчмөн "Digital nomad" визасы ("DN" тиби)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 291-пунктта "6 айга чейинки" деген сөздөр "1 жылга чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 36-пунктта:
7, 12, 13-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 19-пунктча менен толукталсын:
"19) Сапар виза ("J" тиби) үчүн:
- жарактуу документтин көчүрмөсү;
- кабыл алуучу туристтик уюмдун жазуу жүзүндөгү кайрылуусу же арыз ээсинин жеке кайрылуусу (Кыргыз Республикасына туристтик максатта келген учурда);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн, юстиция органдарында каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (Кыргыз Республикасына ишкердик максаттар менен келген учурда);
- чет өлкөлүк жаран өлкөдө болгон мезгилде аны камсыз кылуу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн милдеттенмеси менен Кыргыз Республикасынын жаранынын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (жеке мүнөздөгү ар кандай максаттар менен келген учурда, анын ичинде досторуна келүүдө);
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган медициналык мекеменин ошол мекемеде медициналык дарылануудан өткөндүгүн ырастаган документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу (Кыргыз Республикасына медициналык максатта келген учурда);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана/же уставдык капиталга мамлекеттик катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын, чарбакер коомдордун чет өлкөлүк жарандын тартылган долбоорлорго катышуу деңгээлин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү кайрылуусу же башка жүйөлүү негиздеме (визаны тариздөөгө өтүнүч берилген учурда 6 айга чейин).";
- 39-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Мөөнөттүү тариф боюнча акы төлөнгөн учурда визаны тариздөөгө өтүнмө улуттук коопсуздук органы менен 1 жумуш күнгө чейин макулдашылат.";
- 58-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ар бир айдын 5ине чейин ар айлык негизде консулдук кызмат адамы ведомстволук буйрук менен белгиленген формага ылайык чет өлкөлүк мекеме тарабынан берилген визалар жөнүндө отчетту жиберет (отчетту ТМЭБС аркылуу түзүү мүмкүн болбогон учурда).".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-январындагы № 2 (3658) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |