Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 15-январы № 9
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана
2026-2027-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 26-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду) 2025-жылга бюджети кирешелер боюнча 129 183 671,5 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 127 708 873,9 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга бюджетинин профицити 1 474 797,6 миң сом суммасында белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 26-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-2027-жылдарга бюджетинин пландык мезгили 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен 2-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
4-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттар 3-тиркемеге ылайык белгиленсин.
5-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен каржылоо 2025-жылга пенсиялык каражаттарды төлөө боюнча чыгашаларды эске алуу менен 44 365 639,2 миң сом суммасында белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 26-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун 2025-жылга каржылоо 6 304 235,0 миң сом суммасында белгиленсин.
2. Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун 2025-жылга каржылоо 984 166,4 миң сом суммасында белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 26-январындагы № 8 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене
Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондунун 2025-жылга бюджети 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
8-берене
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 26-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-январындагы № 3 (3659) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 18-декабрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |