Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-майы № 33/1
Чүй айыл өкмөтүндөгү жапайы бадалдарды жок кылуу жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы С.Таалайбековдун жапайы бадалдарды (чычырканак, жийде ж.б.) кыюу боюнча жазган катын, Ж.Т.Абдуллаевдин арызын ,Чүй айылдык кеңешинин кезектеги 33-сессиясында карап жана талкуулап, депутаттардын толуктоолорун жана сунуштарын эске алып «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы” жана “Чүй райондук токой аңчылык чарбасы” менен биргеликте Чүй айыл өкмөтүнүн Чүй айылындагы ички жайыттарда мал жаюуга тоскооол болгон жана Арал айылындагы 5,6,7,9 контурунда жайгашкан жапайы тикенек бадалдарды жок кылуу боюнча мониторинг жүргүзүп, корутундунун негизинде тиешелүү иш чаралар кылынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши жер жана агрардык комитетинин төрагасы Э.Т.Сакаевге жүктөлсүн өзүмө калтырам.
Төрага |
| Б.О. Кыдырбаев |