Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-майы № 33/3
Чүй айыл өкмөтүнүн 2023 – жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттен калган калдыктарды 2024 – жылга колдонуу тууралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын маалыматын угуп жана 2023– жылдын жыйынтыгы менен Чүй айыл өкмөтүнүн 2024 – жылдын 1-апрелине карата жергиликтүү бюджеттен калган калдыгы 29 535,7 миң сомду түзөт. 7300,0 миң сом акча каражатынын калдыгын Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 34-беренесинин ылайык төмөндөгү бөлүмдөргө бөлүштүрүү тууралуу Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу, Чүй айыл өкмөтүнө насыялардын беренелерин которууга макулдук берилсин жана бекитилсин:
Турмуш –тиричилик бөлүмү
2215 “Тейлөө жана кызмат көрсөтүү”
(МП «Чуй-Водоканалга акча каражатын бөлүп берүү) 4100,0 миң сом
3112 “Машиналар жана камсыз кылуулар”
(ассенизатор сатып алууга) 3200,0 миң сом
Бардыгы: 7300,0 миң сом
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С. Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.О. Кыдырбаев |