Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 21-майы № 33/4
Чүй айыл өкмөтүнүн 2023 – жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттен калган калдыктарды 2024 – жылга колдонуу тууралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын маалыматын угуп жана 2023– жылдын жыйынтыгы менен Чүй айыл өкмөтүнүн 2024 – жылдын 1-апрелине карата жергиликтүү бюджеттен калган калдыгы 29 535,7 миң сомду түзөт. 1000,0 миң сом акча каражатынын калдыгын Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 34-беренесинин ылайык төмөндөгү бөлүмдөргө бөлүштүрүү тууралуу Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу, Чүй айыл өкмөтүнө насыялардын беренелерин которууга макулдук берилсин жана бекитилсин:
Мамлекеттик тейлөө бөлүмү
2215 “Тейлөө жана кызмат көрсөтүү” 200,0 миң сом
Бардыгы: 200,0 миң сом.
Турмуш –тиричилик бөлүмү
2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн
предметтерди жана материалдарды сатып алуу” 250,0 миң.сом
3112 “Машиналар жана камсыз кылуулар” 200,0 миң сом
Бардыгы: 450,0 миң сом
Билим берүү бөлүмү
2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн
предметтерди жана материалдарды сатып алуу” 200,0 миң.сом
Бардыгы: 200,0 миң сом.
Бала-бакча бөлүмү
2222 “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн
предметтерди жана материалдарды сатып алуу” 150,0 миң.сом
Бардыгы: 150,0 миң сом.
Жалпы сумма : 1000,0 миң сом.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С. Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага |
| Б. Кыдырбаев |