Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезектеги биринчи сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры №4
Жердин багытын которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын (корутунду №125-4/2024), Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын республикалык топурак-агрохимиялык станция филиалынын, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын (корутунду 89-4/2024) корутундуларына ылайык, Тамчы айылынын чыгыш тарабында жайгашкан 8,0га жер тилкесин (контур № 1535, 1536, 1539, 1540, 1541, 1547, 1548, 1549, 1552, 1553) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин сунушун угуп, талкуулап, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезектеги биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тамчы айылынын түштүк тарабында жайгашкан 8,0га жер тилкесин (контур № 1535, 1536, 1539, 1540, 1541, 1547, 1548, 1549, 1552, 1553) “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Тɵрага Н.Т.Иманалиев