Загрузка документа…
ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-июлу № 34/1
Чүй айыл өкмөтүнүн “Чүй Суу-канал” муниципалдык ишканасынын 2024 –жылга жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү тууралуу
Чүй айыл өкмөтүнүн “Чүй Суу-канал” муниципалдык ишканасынын директору Н.И.Ибраимовдун 2024-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитүү туралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Чүй айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735-токтомунун негизинде, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү » Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн 2024-жылга мамлекеттик менчиктеги жайыт жерин пайдалануу үчүн төмөндөгүдөй жайыт акысы бекитилсин:
№ | Малдын түрү | Бир башка төлөнүүчү баа |
1 | Чоң бодо мал | 200 |
2 | Чоң жылкы | 200 |
3 | Жаш бодо мал | 140 |
4 | Жаш жылкы | 140 |
5 | Кой-эчки | 40 |
6 | Топоз | 200 |
2. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык Кеңешинин жер жана агрардык комитетинин төрагасы Э.Сакаевге жана каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.О. Кыдырбаев |