Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 31-декабры № 872-т
2026-жылы Кыргыз Республикасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүүгө өз убагында даярдык көрүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - Уюштуруу комитети) кызмат орду боюнча тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети:
- бир айлык мөөнөттө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына (мындан ары - Оюндар) даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу планды иштеп чыксын жана бекитсин;
- 2025-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө спорттук бөлүк боюнча Оюндар жөнүндө эрежелерди жана жобону бекитсин;
- пландалуучу иш-чаралардын негизинде 2025-жылдын 1-июлуна чейин чыгымдардын сметасына болжолдуу маалыматтарды түзсүн.
3. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу, методикалык жана башка жактан камсыздоо тиешелүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлсүн, ошондой эле ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруу жана даярдоо чаралары көрүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бир айлык мөөнөттө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизсин.
5. Уюштуруу комитетине министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, коомдук уюмдардын, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартуу, ошондой эле боло турган Оюндарга даярдык көрүү үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды сурап алуу укугу берилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери Оюндардын катышуучуларына визаларды тариздөөдө жана визалык колдоо көрсөтүүдө акысыз негизде ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына, Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына Оюндардын жүрүшүн күн сайын чагылдырууну камсыз кылуу, ошондой эле Оюндарга видеороликтерди даярдоону баштоо сунушталсын.
8. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 2025-жылдын 1-июнуна чейин Оюндарга даярдык көрүү жана өткөрүү менен байланышкан эсептөөлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен өз ара аракеттенүүдө аларды "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна киргизүү боюнча белгиленген тартипте чараларды көрсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Оюндар өткөрүлгөн жерлерде коштоп жүрүүнү жана укуктук тартипти камсыз кылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өзүнүн компетенциясынын чегинде Оюндардын катышуучуларынын, расмий адамдардын жана ардактуу коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн, Оюндардын катышуучулары - чет өлкөлүк жарандардын тиешелүү документтерин макулдашуу боюнча ыкчам тартипте чечим кабыл алсын, аларга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө көмөк көрсөтсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Оюндар өткөрүлгөн жерлерде катышуучуларды медициналык тейлөөнү жана тез жардам кареталарын камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Оюндар өткөрүлгөн жерлерде өрт өчүрүү-куткаруу автомобилдерин камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн жана өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда коопсуздукту контролдосун.
13. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Кел облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Чолпон-Ата шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары - Башкы штабдын башчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
жекече:
Акибаев Асхат Акибаевич - "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" долбоорунун жана Дүйнөлүк этнооюндар конфедерациясынын долбоорлорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Жаманкулов Азамат Капарович - "Дүйнөлүк этнооюндар" коомдук фондунун вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Аденов Нурсултан Нурланович (макулдашуу боюнча).