Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы
2024-жылдын 2-декабры №10
2025-жылга карата Тамчы мектеп-гимназиясынын полдорун оңдоо, көрктөндүрүү жана навесин капиталдык ремонттон өткөрүүгө түзүлгөн долбоорго өздүк салым кошуу жөнүндө
2025-жылга карата Тамчы мектеп-гимназиясынын полдорун оңдоо, көрктөндүрүү жана навесин капиталдык ремонттон өткөрүүгө түзүлгөн долбоорго өздүк салым кошуу жөнүндө Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин сунушун карап, талкуулагандан кийин Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылга карата Тамчы мектеп-гимназиясынын полдорун оңдоо, көрктөндүрүү жана навесин капиталдык ремонттон өткөрүүгө түзүлгөн долбоорго өздүк салым катары 3025628 (үч миллион жыйырма беш миң алты жүз жыйырма сегиз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджетинен каралсын.
2.Токомду макулдашуу жагы Ысык-Көл райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышы Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет экономика жана муниципалдык менчик” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н.Т. Иманалиев