Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы
2024-жылдын 2-декабры №11
2025-жылга карата Тору-Айгыр айылындагы С.Смадияров атындагы бала бакчаны оңдоп-түзөөгө жана вентиляциясын жасоого түзүлгөн долбоорго өздүк салым кошуу жөнүндө
2025-жылга карата Тору-Айгыр айылындагы С.Смадияров атындагы бала бакчаны оңдоп-түзөөгө жана вентиляциясын жасоого түзүлгөн долбоорго өздүк салым кошуу жөнүндө Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевдин сунушун карап, талкуулагандан кийин Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылга карата Тору-Айгыр айылындагы С.Смадияров атындагы бала бакчаны оңдоп-түзөөгө жана вентиляциясын жасоого түзүлгөн долбоорго өздүк салым катары 3009928 (үч миллион тогуз миң тогуз жүз жыйырма сегиз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджетинен каралсын.
2.Токомду макулдашуу жагы Ысык-Көл райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышы Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет экономика жана муниципалдык менчик” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н.Т. Иманалиев