Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы
2024-жылдын 2-декабры №12
Чарбалык техника сатып алуу боюнча
Айыл аймагындагы чарбалык, коммуналдык иштерди жүргүзүү максатында айыл өкмөтүнө XCMG XE 150WB маркасындагы эксковатор сатып алууга акча каражатын карап берүүнү суранган айыл өкмөт башчысы Д.Т.Жумабаевдин сунушун карап, талкуулап Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы чарбалык, коммуналдык иштерди жүргүзүү максатында айыл өкмөтүнө XCMG XE 150WB маркасындагы эксковатор техникасын сатып алууга жергиликтүү бюджеттен техниканын баасынын 50% каралсын.
2.Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага: Н.Т. Иманалиев