Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы
2024-жылдын 6-декабры №13
Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн аймагындагы автоунаа жолдорун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын
5-декабрындагы № 01-13/5690 иш кагазынын негизинде, айыл аймагында туристтик инфраструктураны жакшыртуу максатында автоунаа жолдорун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүп берүү боюнча жергиликтүү кеңештин “Агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын чечими менен таанышып чыгып, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында туристтик инфраструктураны жакшыртуу максатында 1-тиркемеге ылайык жалпы узундугу 21,1 км автоунаа жолдорун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.
Төрага: Н.Т. Иманалиев