Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-январы № 1/2
Кара-Суу айыл аймагындагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна жазылган долбоорлордун өздүк салымына акча каражатын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна даярдалган долбоорлордун өздүк салымына, 2025-жылдын бюджетинен 1653354 (бир миллион алты жүз элүү үч миң үч жүз элүү төрт) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. 27-декабрь 2024-жылдагы Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна жиберилген №5 чыгыш каты күчүндө экендигин билдиребиз.
3. Тиешелүү иш кагаздарын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин кароосуна сунуш кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |